09:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Акыйкатчы: Мен ачык иштегенге даярмын

Жаңы шайланган Токон Мамытовду түнкү жаман түштөр кыйнаган жок, ошондой эле ал өзүнө айтылган сындарды олуттуу деле кабыл албайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Айтымында, «Баарын отургузган УКМКнын генералы» деген билдирүүлөрдү конструктивдүү сын деп эсептебейт.

Бул эмне деген сын-пикир? Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы акыйкатчылар-мурунку соттор, прокурорлор. Мен эмнеге акыйкатчы болбошум керек? Баарына сын айтылат, ал тургай президенттерди дагы сындашат.

Анын билдиргенине караганда, бул кызматка кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсү боюнча келген жок, өз демилгеси менен арыз берген. «Мен ачык иштегенге даярмын, журналисттер, укук коргоочулар менен дагы», -деди Токон Мамытов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума