04:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат: Токон Мамытов акыйкатчынын кызмат ордун ээлей албайт

Депутаттар акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерди талкууга алышууда.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, Токон Мамытов акыйкатчынын кызмат ордун ээлей албайт, анткени ал укук коргоо системасынын бир бөлүгү болгон УКМКда иштеген, ошондой эле президенттик администрацияда эмгектенген.

Жарандык активисттер билдиришкендей, бир канча бийлик алмашкан маалда дагы иштеп жүргөн киши адам укуктарын коргой албайт.

Ирина Карамушкина болсо талапкер жалгыз аял Рита Карасартованы колдоого чакырды. Депутат Наталья Никитенко юридика илимдеринин доктору Канатбек Азизди колдоону сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар