15:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чүй проспектисинин түштүк тарабындагы бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин түштүк тарабындагы 7-апрель менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жолго жаңы тосмолор орнотулду. Бирок, жол белгилери толугу менен чийилип бүтө элек.

Эске салсак, буга чейин окурмандар аталган жолду 15-сентябрга чейин бүткөрүп беребиз деп убадалашканын айтышкан болчу. Бирок, 2 ай аралыгында болгону тосмолор гана орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар