18:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мен валерьянка гана ичкем. Зууракан Каденова учактагы жаңжал тууралуу

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Кореядагы Инчхон аба майданында болгон окуя тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. Ал окуя болгон маалда мас болбогондугун жана «Эйр Астана» учагынын бортунда эч кандай жаңжал чыгарбагандыгын айтты.

Сеулда Зууракан Каденова Эл аралык байланыш боюнча Корей агенттигинин чакыруусу боюнча 20 күндүк окууда жүргөн. Аны менен бирге аталган министрликтин дагы бир кызматкери болгон.

Зууракан Каденованын айтымында, окууну ийгиликтүү аяктап, агенттик менен биргеликте жаңы бир долбоордун үстүндө иштеп жатышкан.

«Кореяда мен диета кармап жаткам, ал тургай 5 килограммга арыктагам. Дагы 2 килограмм ташташ керек деп тамашалаган болчумун. Акыркы мезгилде жүрөгүм ооруп, өзүмдү начар сезип жүргөм», -деди мурунку аткаминер.

Кыргызстанга келээрден мурун валерьянка ичип алгам. Аба майдандагы каттоого чейин дагы калган корвалолду ичип салдым, анткени суюктук менен бортко киргизбейт эле. Анын артынан 2 бөтөлкө кола ичип алган элем, учакка отурарым менен өзүмдү жаман сезе баштадым

Зууракан Каденова

«Дааратканага барайын десем, стюардесса азырынча даараткана ачыла элек деп мага уруксат берген жок. Ал мага 2 пакет алып келди, мен кусуп жибердим. Менин оюмча, ачкарын дары ичкендиктен көңүлүм айнып кетти окшойт», -деди Зууракан Каденова.

Анын айтымында, учакта ал эч ким менен жаңжалдашкан эмес.

«Мен болгону учуп кетүүгө уруксат бергиле деп сурандым. Мен үчүн биздин министрликтин кызматкери экипаж мүчөлөрү менен сүйлөштү. Мен өзүмдү абдан начар сезгендиктен, сүйлөй алган жокмун. Бирок, кийин коляска менен мени алып чыгып кетишти», — деди мурунку аткаминер.

Зууракан Каденованын айтымына караганда, ал эч качан спирт ичимдигин колдонбойт.

«Аба майданга биздин элчиликтин кызматкери келип, мага спирттин жыты келип жатканын айтты. Бирок, мен мас эмес экенимди, бул дары экенин айттым. Мен такыр спирт ичимдигин ичпейм, орозо кармайм», -деди ал.

Зууракан Каденова Түштүк Кореяга эмгек өргүү алып учуп кеткен. Ал кызматтан кеткендиги тууралуу ишти сотко берүүгө ниети жок экендигин айтты.

«Бул саясий чечим. Сеулдун аба майданынан эле жаңылыктарды окуп, кызматтан өз каалоом менен кетүүгө даяр болчумун», —дейт Зууракан Каденова.

Ал билдиргендей, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын кара тизмесине кирген эмес, кийинки күнү аталган компаниянын каттамы менен учуп келди.

Эң көп окулган жаңылыктар