03:38
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Элчи: Зууракан Каденова дипломатиялык паспортту колдонууга укугу жок болчу

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова эмгек өргүүсү маалында дипломатиялык паспортту колдонууга укугу жок болчу. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан билдирди.

Айтымында, эмгек өргүүсүнө кетээрден мурун Зууракан Каденова дипломатиялык паспортун өткөрүшү керек эле.

Кылычбек Султан билдиргендей, Зууракан Каденованы «Эйр Астана» авикомпаниясынын кара тизмесине KOICAнын кадыр-баркы үчүн гана киргизишкен жок. Ал кошумчалагандай, мурунку орун басар түн ортосунда гана аба майдандан кетүүгө макулдугун берген.

Эң көп окулган жаңылыктар