09:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Коопсуз шаарды» орусиялык компания ишке ашырат

«Коопсуз шаарды» ишке ашыра турган компания аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында белгилүү болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, сынактын жеңүүчүсү деп Орусиянын «Вега» радиоуктуруу концерни" компаниясы таанылды. Андан тышкары аукционго дагы эки компания катышкан.

«Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 млрд 320 млн сом суммасында аныкталган, бул баштапкы баадан 230 млн сомго аз. «Вега» биринчи лот боюнча 1,125 млрд сом, экинчи лотто 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик төлөм катары которуп берүүгө тийиш болот», — деди Бакыт Шаршембиев.

Өкмөт башчы бардык зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келет. Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума