11:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тартип сакчылары менен депутаттын айдоочусунун ортосунда жаңжал чыкты

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын кызматкерлери менен Lexus LX570 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун ортолорунда жаңжал чыкты. Буга Спутник Кыргызстан агенттигинин журналисти күбө болгон.

Маалыматка караганда, жолтандабастын айдоочусу өзүн орой алып жүрүп, журналисттин техникасын тартып алган. Тартип сакчылары протокол түзүп, унааны айып пул токтотуучу жайга алып кетишкен. Билдирүүгө таянсак, ал унаа Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго таандык болуп чыкты.

Депутат өзү 24.kg агенттигине берген маалыматка ылайык, учурда Азербайжанда командировкада жүрөт. Жаңжал тууралуу маалыматы жок.

«Эгерде бул маалымат такталса, анда айдоочум менен сүйлөшөм», — деди Тазабек Икрамов.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби