23:32
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ереван F-16 түрк учагы армян учагын атып түшүргөнүн билдирүүдө

Ереван Түркияга таандык F-16 учагы Армениянын Су-25 согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди. Би-Би-Си Түркия бул маалыматты четке какканын жазды.

Шейшемби күнү Түркия президентинин жардамчысы Фахреттин Алтун Анкара Тоолуу Карабакты алуу үчүн Азербайжанга колдоо көрсөтүүгө толугу менен даяр экенин билдирген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деп айтан.

Ошол эле маалда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) боюнча Армения менен өнөктөш болгон Орусия Түркияга кайрылып, Бакуну ачык колдоодон карманууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.

Шейшембиде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения алардын Дашкенсан районун аткылаганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта «29-сентябрга караган түнү эки тарап чектешкен аймакта айыгышкан салгылашуу болду. Армян тарап 29-сентябрда саат 7.30да Варденис районунан Азербайжандын Дашкенсан районун артиллериядан аткылады», — деп айтылат.

Ереван Бакунун мындай дооматын «карандай калп» деп жокко чыгарды. Армениянын Коргоо министрлиги «атышуу ар кандай ыргакта уланып жатканын» билдирди.

Армян коргоо министри Арцрун Ованнисян азери аскерлери Варденис айылына ок жаадырышканын кабарлады.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар