05:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Армения Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Ереван Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун ортомчулугу менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Армения ТИМи Азербайжан Тоолуу Карабакта күч колдонгонун жана согуштук аракеттерге Түркиянын катышып жатканын сындады. Билдирүүдө Ереван жаңжалды тынч жол менен чечүүнү жактай турганы, бирок Азербайжандын агрессиясына жооп кайтарууга кудуреттүү экени белгилеген.

Баку армян ТИМинин билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь күнү эртең менен азери аскерлери Тоолуу Карабактагы стратегиялык бийиктикти ээлеп алганын кабарлады. Аймакта түнү менен атышуу болгонун Армения Коргоо министрлиги да тастыктады.

Париж менен Москва Азербайжан тарапта Түркиянын сириялык жалданма аскерлери согушуп жатканын билдирүүдө. Алардын арасында «Ислам мамлекети» террордук тобуна кирген жоочулар да бар.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал 27-сентябрда кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады. Аймакта эки өлкө 1980-жылдардын аягынан бери тирешүүдө.

Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар