20:03
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Пашинян: Карабактагы жаңжал дипломатиялык жол менен чечилбейт

Тоолуу Карабактагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү жолдору жок. Бул тууралуу Армения премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

Ал «Фейсбук» баракчасындагы түз эфир учурунда: «Биздин мындан аркы кадамыбыз — бул элибиздин укугу үчүн акырынча чейин күрөшүү», — деп айтты. Пашинян мэрлерди ыктыярчы кошуундарды түзүүгө, калкты «колго курал алууга» чакырды.

Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев Ереван жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну каалабайт деп эсептейт.

Күн мурун Армениянын президенти Армен Саркисян Тоолуу Карабактагы акыркы абал боюнча Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Брюсселге келген. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Орусиянын борбору Москвага жөнөгөн.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал 27-сентябрда кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады. Аймакта эки өлкө 1980-жылдардын аягынан бери тирешүүдө.

Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар