23:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Макулдашууга карабастан Тоолуу Карабакта ок атышуу уланууда

Тоолуу Карабак республикасынын дагы 96 аскери курман болду. Бийликтин айтымында алар баары дүйшөмбү күнү каза болушту.

Еревандын маалыматы боюнча, жаңы кагылышуулар башталган 27-сентябрдан бери Армения 525 жаранын жоготту.

Азербайжан жекшембиге караган түнү Ганжа шаарына «Эльбурс» тактикалык ракетасы менен сокку жасалганын, анын кесепетинен он киши курман болгонун билдирди.

Ошол эле маалда Баку аскерлеринин катарындагы жаңы жоготуулар жөнүндө маалымат бербей, журналисттерге мерт болгон жай тургундардын санын гана кабарлап келет. Дүйшөмбү күнү алардын саны 42 кишиге көбөйдү.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал 27-сентябрда кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады. Аймакта эки өлкө 1980-жылдардын аягынан бери тирешүүдө.

Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар