13:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Парламентте Өзбекстан менен соода тең шартта жүргүзүлбөй жатканы айтылды

Кыргызстан Өзбекстанга продукцияларын эспорттоо үчүн шарт түзүп келет, ошол эле маалда коңшу республика өлкөдөн барган картошкаларды киргизүүгө тыюу салды. Кыргыз өкмөтү бул маселеге көңүл бурган жок. Бул тууралуу 12-сентябрда парламент жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан базары өзбек кездемелери жана башка товарларына толду. Мындан тышкары коңшу өлкө өз өнүмдөрүн уюмдун мүчөсү эмес экенине карабай, ЕАЭБ базарларына Кыргызстан аркылуу алып өтүп жатканын баса белгиледи.

«Биз картошка жана азык-түлүк өнүмдөрүн Өзбекстанга жеткирип турганбыз, бирок азыр алар тыюу салып жатат. Биздин өлкөдө бул маселени Өзбекстан менен тең шартта чече турган бир киши табылган жок», — деди Акаев.

2017-жылы жазында Өзбекстан картошканын баасын төмөндөтүү үчүн аны Кыргызстандан сатып алып жатканы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби