22:51
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргыз-өзбек мамилелери. Соода жүгүртүү 189,6 пайызга өскөн

Өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 189,6 пайызга өсүп, 481 миллион долларды түздү. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Айтымында, экспорт 348,2 миллион долларды, импорт 132,8 миллион долларды түзгөн.

«Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кыргызстандын үлүшү 1,4 пайызды түзөт. Кыргызстан Өзбекстандын соода жүгүртүүсүндө ири үлүшү бар 20 өлкөнүн катарына кирет. Экспорт боюнча 6-орунда, импорт боюнча 20-орунда турат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби