00:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайра жанданды

Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайра жанданды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча, 22-майдан тарта Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайрадан жанданды.

Эске салсак, буга чейин коншулар эч кандай түшүндүрмөсү жок эле кыргыз цементин ташып киргизүүнү токтотуп койгон. Анда кыргыз чек арасында жүздөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар