USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Ташкент-Балыкчы авиакаттамы жанданышы мүмкүн

09:47, 20 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ташкент-Балыкчы авиакаттамы жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын башчысы Толиб Ульжаев менен жолугушуу маалында белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптар жарандык аба жаатында эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана кыргыз-өзбек авиация кызматтарынын ортосундагы мындан аркы өз ара алакалашуу жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарап Ташкент-Балыкчы маршрутундагы чартердик каттамдарды кайрадан баштоо боюнча сунушун киргизди. Мындан сырткары, тараптар «Ош-Ташкент-Ош» багытындагы каттамдар жөнүндө маселелерди талкууга алышты.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика