18:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

4-5-декабрь күндөрү «Манас» кинотеатры менен Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Е. Туйчиевдин «Ришта», А. Гамировдун «Ата үйү», «Өзбеккино» киностудиясы тарткан «Калптын арасында» тасмаларынан башка фильмдер да көрсөтүлөт.

5-декабрда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Космопарк» кинотеатрында биргелешип тарткан «Делбирим» кыргыз-өзбек тасмасынын бет ачары болот.

Эң көп окулган жаңылыктар