18:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таш-Көмүр шаарында жоокерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды

Таш-Көмүр шаарында жоокерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
 

Таш-Көмүр шаардык соту аскер кызматкерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюп,  күнөөлүү деп тааныды. Өкүмгө ылайык, соттолуучу 3 жылга чейин кызматта иштегенге болбойт.

Эске салсак, аталган шаарда мас абалындагы прапорщик катардагы жоокерди сабап салган. Казармада 24 киши болгон, алардын 9у жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар