21:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркстанда жоолугун чечүүдөн баш тарткан жети кыз мектептен чыкты

Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Фердауси айлында жоолук салынганы үчүн сабакка киргизилбеген жети окуучунун ата-энеси кыздарынын документтерин алып кетти. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди.

Анын айтымында, жогорку класстагы 203 кыздын 10у жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Жети кыздын ата-энеси мектептен документтерин алып кетип, балдарын башка окуу жайга которушту.

«Жоолугун чечпеген 10 кыздын экөө ооруп жатканын билебиз. Бирөө башка мектепке которулуу үчүн документтерин даярдоодо. Төрт окуучунун ата-энесине билим берүү департаменти айып пул салды. Калган үч окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди мектеп директору.

Түркстан билим берүү башкармалыгы «Фердауси атындагы орто мектепте абал турукташканын жана түшүндүрүү иштери уланып жатканын» билдирди.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген көрүнүш былтыртан бери курч талкууланып келет. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер «жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат» деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар