11:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Темир Бирназаров 1 жылдык режиссердук курска каалоочуларды кабыл алат

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров 1 жылдык режиссердук курска каалоочуларды кабыл алуусун баштады. Бул тууралуу Кыргыз кинематография департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, окуу 2018-жылдын ноябрь айында башталат. Курска кабыл алуу, баарлашуу жана чыгармачылык иштерин көрүү аркылуу тандалып алынат.

Окуу төмөндөгүдөй багытта жүргүзүлөт:

— ойномо жана ойномо эмес кинолордун режиссердугуна үйрөтүү

— кинодраматургия

— оператордук мастерствонун негиздери

— актердук мастерство

— киноөндүрүш

Кабыл алуу Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын: 3-этаж, кинокомпания «Тазардын» офисинде болот. Сурап билүү тел: (0550)87-47-92, (0701 87 47 92)

Эң көп окулган жаңылыктар