14:44
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

«Жылкычы чымчык» тасмасы Ниццада өткөн кинофестивалда баш байгени алды

Режиссер Бегалы Наргозуевдин «Жылкычы чымчык» тасмасы Франциянын Ницца шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда режиссер өзү билдирди.

Тасма «Мыкты көркөм фильм» номинациясын жеңип алды.

Фестиваль 13-15-майда болуп өттү.

Кинофорумга Бегалы Наргозуев (режиссер-коюучу), Жамила Сыдыкбаева (Шекер чоң эненин ролун аткарган), Марат Ибраев (Мелистин ролун аткарган) жана Афизакан Мырзапаязова (фильмдин аткаруучу продюсери) чакырылган.

Эске салсак, 2023-жылы 15-декабрда «Жылкычы чымчык» тасмасынын бет ачары болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар