03:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести кайрадан башка ат менен тартылууда

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде «Шамбала» аттуу тасманы тартуу иштери жүрүп жатат. Учурда эң оор делген трюктук көрүнүштөр тартылып бүттү. Бул тууралуу режиссердун ассистенти Мээрим Догдурбекова «24.kg» агенттигине билдирди.

«Тасмадагы ролдорду кимдер аткарып жатат, азырынча бул тууралуу маалымат берилбейт. Режиссердун өтүнүчү боюнча башкы ролдогу кичине баланын аты дагы жашыруун. Тасмада повесттин негизги идеясы сакталган, бирок, режиссер Болот Шамшиевдин «Ак кемесинен» айырмасы бар», -деди ассистент.

Маалыматка караганда, тартуу иштери Ысык-Көл жана Нарында жүргүзүлдү. Жакында Чүй облусуна караштуу Чоң-Кемин тоолорунда уланмакчы.

Тасманын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков, операторлор М.Алиев жана А. Бекболотов. Чыгармачылык топто 40тын тегерегинде киши эмгектенүүдө. Тасманын бет ачары кийинки жылы өтөт.

«Ак кеме» тасмасын Болот Шамшиев 1976-жылы тарткан. Кинонун сценарийин залкар жазуучу өзү ырастап, тартуу иштерине көзөмөл жүргүзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар