02:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаңы китептер ижарага бериле баштайт

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынан китептер үчүн ижара акысын алууну акырындык менен ишке ашыра баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган министрликтен билдиришти. 

«Ижара акысы 5-6-класстар үчүн жаңы китептерге гана 25сомдон алынат. Кийинки жылы 7-9-класстар үчүн жаңы окуу китептерин басып чыгарууну пландап жатабыз», — деп билдиришти ведомстводон.

Маалыматка караганда, жыл сайын окуу китептерин чыгаруу үчүн министрликке 600 миллион сомго жакын каражат керектелет. 

Эң көп окулган жаңылыктар