07:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан-Түркмөнстан. Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлду

Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков декларацияга кол коюуну тарыхый окуя деп атады. Анын айтымында, мындай кадам эки өлкө арасындагы достуктун жана байланыштын жаңы барагын ачат.

Маалым болгондой, эми эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө товар жүгүртүү, транспортту өнүктүрүү жана транспорт түйүндөрүн кеңейтүүгө басым жасалат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун айтымында, жумушчу сапар жемиштүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар