05:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Ош университетине жогорку баасын берди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчысы жогорку окуу жайдын профессорлорун, окутуучуларын жана студенттерин куттуктап, Ош мамлекеттик университети улуттук билим берүү системасындагы флагманга айланганын белгиледи.

Сиздердин университет облустук борбордо жайгашканы менен азыркы күндө өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайы экендиги талашсыз, ал эми Ош шаары билимдин Ордосуна айланып баратат. Бул сиздин жамааттын талыкпаган эмгегинин жана туура менеджментинин натыйжасы.

Сооронбай Жээнбеков

Президент жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган Эл аралык көз карандысыз аккредитация жана рейтинг уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош университети Кыргызстанда биринчи жолу эң мыкты жогорку окуу жайы деп табылышы менен куттуктады.

Акыркы үч жылдын аралыгында университет өз күчү менен 7 млн. доллар инвестиция тартып, материалдык-техникалык базасын чыңдаган. Ошону менен катар 12 жаңы окуу корпусунун имаратын ички каражаттардын эсебинен курган.

Салтанаттуу аземде жогорку окуу жайынын жетекчилигине музыкалык инструмент алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума