22:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ашхабадда эркектердин чачын боёого тыюу салынды

Ашхабадда эркек сулуулук салондоруна жана чач тарачтарына кардарлардын чачын боёого жана башка ар түрдү сүрөттөрдү тартууга тыюу салынды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, сулуулук салондорунун бирине шаардык прокуратура кызматкерлери келип, эркектердин чачын боёоого жана башка ар түрдү сүрөт тартууга тыюу салып кетишкен. Салондун жетекчиси болсо прокуратурага чакырылган.

Бир жылдан бери түркмөн борбор калаасында жергиликтүү эркектер арасында чач боёо кеңири тароодо.

Маалыматтарга караганда, ага чейин чет өлкөлүк компаниялардын, соода жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, бодибилдинг машыктыруучулары, диджейлер жана музыканттар гана чачтарын боёп келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар