19:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Айлыкты 21 пайызга аз алат, жогорку билимдүүлөр көп. Аялдар боюнча маалымат

Кыргызстанда аялдардын орточо жаш курагы 29 жашты түзүп, эркектерге караганда эки жылга жогору. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Маалыматка караганда, аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Учурда 60 жашта болгон аялдар дагы 21 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ, ошол эле убакта эркектердеги бул көрсөткүч болгону 15 жыл.

Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6-1,7 эсеге жогору.

2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял — 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи жолу никеге туруусунун орточо жаш курагы 24 жашты, ал эми кайрадан никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түзгөн.

Республикада орточо статистикалык аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт жана үч балалуу болот, бул жетишээрлик жогорку көрсөткүч болуп саналат. Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төрөт жөнөкөй өндүрүү деңгээлине чейин төмөндөсө, Кыргызстанда калктын жогорку деңгээлде көбөйүшү камсыздалат, т.а., өлкөнүн калкынын саны көбөйүүдө.

2021-жылы эмгекке жарамдуу жаш курактагы иштеген аялдардын деңгээли 47% ды, ал эми экономикада эмгектенген аялдардын орточо жаш курагы 40 жашты түзгөн. Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир жетинчи аял 35-39 жашта болгон. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү жана соода сыяктуу ишмердиктин түрлөрү аялдар гана иштеген иштер болуп саналат.

Жалпы республика боюнча аялдардын эмгек акысынын эркектердин эмгек акысына болгон катышы 2022-жылы ноябрь айында жүргүзүлгөн ишканалардын жана мекемелердин бир жолку изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 79,6 пайызды түзгөн. Аялдар менен эркектердин эмгек акыларындагы айырма тармактык жумуштардын гендер боюнча түзүмү менен байланышкан.

Иштеген адамдардын жалпы санындагы жогорку кесиптик билимге ээ аялдардын үлүшү 2021-жылы 28 пайызды, ошол эле убакта эркектердин үлүшү 19 пайызды түзгөн.

Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык фондунун 4 пайызга жакын түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.

Ошол эле учурда айыл жана шаар жерлериндеги аялдардын ортосунда олуттуу айырма бар. Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштырмалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат.Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат убакыт сарпташат.

Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, 8-март 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар