УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов № 47 тергөө абагынан Улуттук онкология жана гематология борборуна которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мурат Суталиновду химиялык терапиядан өтүү үчүн которушкан.
«Мурат Суталиновдун бөйрөгү рак менен жабыркайт. Мындан улам аны клиникага которуу чечими кабыл алынган», — деп билдиришти ЖАМКтан.
Эске салсак, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча соттолгон. Ал 20 жылга эркинен ажыратылган.