01:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркия Борбордук банкы: лиранын кунун бекемдөө үчүн бардык чаралар көрүлөт

Түркиянын Борбордук банкы улуттук валютанын алсыроосунан улам, каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди.

Улуттук банктын 13-августта тараткан билдирүүсүндө банктардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүлөрү айтылат. Мындан бир күн мурун каржы министри Берат Албайрак өкмөт валюта базарындагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн план даярдаганын маалымдаган.

Вашингтон киргизген санкциялардан кийин түрк лирасы АКШ долларына карата 18 пайызга арзандады. Бул 2001-жылдан берки эң ылдыйкы арзандоо. Ал эми жыл башынан бери лира кунун 40 пайыздай жоготту.

АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алган. Ага чейин Вашингтон Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы «башкы ролу» үчүн санкция салган.

НАТОнун негизги эки мүчөсү болгон Түркия менен Вашингтондун ортосунда Сириядагы абал, Анкаранын орусиялык курал-жаракты сатып алуу ниетине байланыштуу карама-каршылыктар мурдатан бери эле болуп келген. Буга акыркы кезде Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган америкалык христиан пастору Эндрю Брансондун «терроризм жана тыңчылык» беренелери боюнча айыпталып, кармалганы кошулган.

Эң көп окулган жаңылыктар