16:52
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Түрк лирасынын алсыроосу өзбек мигранттарынын кирешесин азайтты

10-августта Түркияда доллар 32 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн Улуттук банкы түрк лирасын колдоо үчүн 6-августта интервенция жасап, 2,2 миллиард доллар сатканын маалымдаган.

Түркиядагы каржы базарындагы чыңалуулар өзбекстандык мигранттардын айлык маянасына да таасирин тийгизип, кирешелери дээрлик эки эсеге азайды.

Быйыл Өзбекстан биринчи жолу мигранттарды уюшкандык менен Түркияга иш үчүн жөнөтө баштаган. 12-мартта Тышкы миграция агенттиги менен түркиялык TAYGA GRUP туристтик компаниясы Анталиядагы мейманканаларда иштөөгө жарандарды тартуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Түркияда 100 миңдей өзбек жараны жашайт.​

Бирок Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Анкара менен Ташкенттин мамилеси жакшырганын эске алганда, Түркияда иштеген өзбек жарандарынын саны эки эсеге арткан болушу мүмкүн.

АКШ менен Түркиянын алакасы лиранын алсыроосуна алып келди.

Эң көп окулган жаңылыктар