16:48
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши 14-августта унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймак эртең саат түшкү 12ден кечки 7ге чейин жабык болот. Оңдоо иштери 15-августта да саат 7ден кечки 7ге чейин улантылат.

Унаа кыймылы Токтогул көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар