23:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Эненин арманы. Сот Анна Кизлыкты мыйзамсыз түрдө 9 жылга эркинен ажыратты

Сот Анна Кизлыкты мыйзамсыз түрдө 9 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын апасы Антонина Городушкина билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечимди Свердлов РИИБнын мурунку тергөөчүсү Артур Садыков чыгарган. 

«Тергөөчү Артур Садыков кызымдан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин кыскартам деп, бир канча жолу акча талап кылган. Ал тургай анын баласын баңгизаты менен карматып коем деп коркуткан. Ушул окуядан кийин кызым УКМКга кайрылды», — деди Антонина Городушкина.

Тергөөчүгө карата кылмыш иши козголду.

«Артур Садыков бул иш боюнча тергөө абагында 3 ай отурду. Кийин ал үй камагына которулган. Ал козгогон кылмыш иши боюнча кызымды 9 жылга эркинен ажыратышты. Анын 3 кичине балдары бар, ал түгүл киши өлтүргөндөргө дагы мындай мөөнөт берилбейт», — деди Антонина Городушкина.

Ал президенттен балдарын коргоону суранууда.  

Эң көп окулган жаңылыктар