Бишкекте спортчу 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалым болгондой, жабырлануучу кыз зордуктоого кабылбаш үчүн 3-кабаттан секирген. Анын омурткалары жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүү панкратион боюнча Евразиянын чемпиону Улан Эралиев.
Бишкек ШИИББдан билдиришкендей, кыздан арыз келип түштү. Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.