Бүгүн, 6-августка караган түнү саат 3:36 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жердин силкинүүсү Тоң районундагы Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.