07:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстан теңгенин арзандашын «глобалдык тренддердин таасирине» байланыштырды

Казакстандын Улуттук банкы теңге кунунун төмөндөшүн глобалдык тренддердин таасири менен байланыштырууда.

«АКШнын Федералдык резервдик системасы монетардык саясатты катаалдатышынан улам портфелдик инвестициялар кетип, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көбүнүн улуттук валюталары алсызданды. Мындан Казакстан да четте калган жок», — деп жазылган Улуттук банктын бүгүнкү билдирүүсүндө.

Баалардын базар конъюнктурасы менен экономиканын өсүшүнөн улам калган факторлордун алсыздоо эффектиси жумшарган. Өз кезегинде бул теңгенин долларга карата азыраак арзандашына алып келген.

Улуттук банк белгилегендей, АКШнын Федералдык резервдик системасынын чечимине байланыштуу инвесторлордун көбү өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кыйла тобокелдүү активдеринен кетүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума