20:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Азамат Арапбаев ээлик кылган 5 фирмасын салык декларациясынан жашырып койгон

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ээлик кылган 5 фирмасын салык декларациясынан жашырып койгон. Бул тууралуу Economist.kg билдирди.

«Депутаттын 3 компаниясы жана дагы 2 ЖЧКда (кирпич заводу, Оштогу такси кызматы, көмүр казуу боюнча ишкана жана газды бөлүштүрүү жана берүү боюнча ЖЧК) үлүшү бар. Парламентте Азамат Арапбаев экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте турат», — деп жазылат билдирүүдө.

Депутат ЖКда иштеп жаткандан бери Салык кызматына 2015 жана 2016-жылы 2 декларация өткөргөн. 2017-жылы декларациянын жоктугу -мыйзам бузуу болуп саналат.

2015-жылы депутат расмий түрдө 4,5 миллион сомдон жогору иштеп тапкан. Декларацияда 3 унаа -ВАЗ 2107, Lexus LX 570 жана Daewoo Matiz, ошондой эле автоцистерна жана жарым чиркегич көрсөтуүгөн. Кыймылсыз мүлктөрдүн катарына 2 жер аянты, киши жашабаган имарат жана май куючу жай кирген.

Анын жакын туугандары бай кишилер болуп чыкты, аталган жылы алар дээрлик 136,7 миллион сом иштеп табышкан. Аларда 5 батир, 2 жер аянты, киши жашабаган имарат, дүкөн жана 2 унаа болгон.

2016-жылы депутаттын кирешеси 11,1 миллион сомго өскөн. Ал эми депутаттын расмий орточо маянасы 35 миң сомдун тегереги болгон.

Адилет министрлигинин маалымат базасында жана OsOO.kg сервисинде Азамат Арапбаев 5 фирманын негиздөөчүсү деп көрсөтүлгөн. Депутаттын дээрлик бизнеси (бир гана компаниясынан башкасы) Ош шаарында жана Ош облусунда жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар