18:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Зеленоград шаарында кыргызстандык жаранды өлтүрүп кетишти

Орусиянын Зеленоград шаарында кыргызстандык 43 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында,  Зеленоград шаарында 1975-жылы туулган А.Ө. менен бирге эс алып жаткан кишилер аны ур-токмокко алып, таштап кетип калышкан. Жолдо өтүп бара жаткандар тез жардам чакырып, аны шаардагы ооруканага алып барышкан. Жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткандан кийин ал каза болду.

Маалым болгондой, бүгүн маркумдун сөөгү Москва—Бишкек багытындагы каттам менен жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар