Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы турак үйдөн 22 жаштагы келиндин асынып турган денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгон жаран 1994-жылы төрөлгөн. Анын сөөгү өзү жашап жаткан үйдөн табылды. Тергөөчүлөр алдын ала текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен маркумдун денесинде күч колдонулган белгилер жок экенин айтышкан.
Ал эми туугандары менен жолдошу денени соттук-медициналык экспертизадан текшертүүдөн баш тартышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, келин өз өмүрүнө кол салган. Анын аркасында 2 баласы калды.