20:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аксыда телефондун айынан өспүрүм өз жанын кыйды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 15 жаштагы өспүрүм муунуп каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, өз өмүрүнө кол салуу фактысы тууралуу билдирүү милицияга 9-октябрда келип түшкөн.

«Денеден зомбулуктун белгилери табылыган эмес. Билдирүүгө таянсак, буга чейин бала сабак учурунда телефон колдонгондуктан, мугалими алып алган. Андан кийин баланын ата-энесин мектепке чакырткан. Өспүрүм сабактан чыккандан кийин досуна көйгөйлөр көбөйүп кеткенин айтып, акыркы жолу семечка чагып алайын деп андан сураган. Ал болжол менен саат 14:00дө асынып алган. Ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты», -деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдүн аркасынан анын сүйлөшкөн кызы дагы өз өмүрүнө кол салды.

«11-октябрда Таш-Көмүрдө жашаган 15 жаштагы кыз сарайдан муунуп алган. Анын денесинен эч кандай зомбулуктун белгилери табылган жок. Ал «Апа, мени кечирип кой» деп кат жазып таштап кеткен. Маалыматка караганда, буга чейин Аксыда каза болгон бала бул кыз менен сүйлөшүп жүрүшкөн», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар