Чүйдө изделип жаткан балдар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулу жана 11 жаштагы Кутманбек Базарбаев Ысык-Көл облусунда өз энесинин жанында жүргөндүктөрү маалым болду.
Эске салсак, алар Чүй облусунда чоң энесинин колунда турушкан.

