23:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чүй облусунда 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө

Чүй облусунда 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, изделип жаткан балдар 30-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.

Курманбек Алмазбек уулунун өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, чачы кара, бетинде сепкили бар. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутунда кара слансы.

Кутманбек Базарбаевдин өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр. Кийип жүргөн кийимдери: майка, көк түстөгү чолок шым жана кара слансы кийип жүргөн.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери изделип жаткан балдарды көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөт. 0 (312) 36-35-27; 0 (701) 25-55-22.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума