01:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза болду. Бул тууралуу «Дождь» телеканалы Михаил Ходорковскийдин «Иликтөөлөр борборунун» булактарына таянып кабарлады.

Журналисттер анда «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшкөн.

Орхан Жемалдын каза болгонун Би-би-сиге «Иликтөөлөр борборунун» башкы редактору Андрей Коняхин менен журналисттин досу Максим Шевченко ырастады. Коняхин РБК басылмасына журналисттер Борбордук Африка Республикасына ишемби, 28-июлда барышканын айткан.

«Акыркы жолу алар менен 26-июль кечинде байланышка чыкканбыз. Азырынча аларга эмне болгондугунун чоо-жайын билбейбиз», — деди Коняхин.

Башка бир булак чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулганын билдирүүдө. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума