22:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мексикада 101 жүргүнчүсү бар учак кулап түштү, каза болгондор жок

Мексикада Aeroméxico авиакомпаниясынын Дуранго — Мехико багыты боюнча учкан Embraer 190 учагы кулап түштү. Анын бортунда 97 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.

Бийликтин маалыматы боюнча авиакырсыктан каза болгондор жок, 85 киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

Учак жергиликтүү убакыт боюнча 16.00дө — Дуранго аэропортунан жогору көтөрүлгөндөн беш мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка учураган. 

Өлкө бийлиги учактагы бардык адамдар тирүү экенин билдирди.

«Aeromexico авиакомпаниясынын 2431 каттамынын кырсыкка учурашынан каза болгондор жок экенин ырастайм», — деп жазды Дюранго штатынын губернатору Хосе Айспиро Твиттерге. Ал бийлик учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар