Бүгүн Санкт-Петербург шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.
Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.
Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.
Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстандын жана РФнын катышуусунда өтөт.