Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан шаардык казынага 2018-жылдын 6 ай ичинде 7 миллион 455 миң сом түштү. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.
Алардын маалыматында, түшкөн киреше мерчемден 2,6 пайызга ашты.
Жер участокторун ижарага берүүдөн 3 миллион 950,2 миң сом, автотоктотуучу жайлардан 1 миллион 488 миң сом, жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү тарабынан шаар аймагында уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 948,4 миң сом, имараттардын жана курулуштардын ижарасынан 1 миллион 68,4 миң сом чогултулду.