Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачуу жана жабуу аземине 8 миллио 716 миң сомго кийим даярдалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сынак жарыяды.
Костюмдор театрдаштырылган постановкалардын каармандары жана жалпы оюн-зоокко катышкандар үчүн тигилет. Жалпысынан 1 миң 608 костюм талап кылынат.
Министрлик сапаттуу кезмедемен тигилген костюмдарды гана сатып алат.