12:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр оюндары. Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда чектөөлөр киргизилет

2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өтө тургандыгына байланышуу Балыкчы — Ананьево — Каракол жолуна жүк ташуучу автоунааларга, айыл чарба техникаларына, автобус жана кичи автобустардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган унаалар үчүн Чолпон-Ата шаарынын түндүк жагындагы айланма жол иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар