18:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди, алардын 80и менен байланыш түзүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой учурда болгону 10 мамлекет гана катышууга макулдугун беришти.

«15-июлга чейин арыздарды кабыл алабыз. Биз оюнга былтыркы жылдан дагы көбүрөөк өлкө катышат деп күтүп жатабыз. 2016-жылы 62 мамлекеттин спортчулары катышкан», — деп билдиришти министрликтен.

Кыргызстан президенттерди дагы кабыл алууга даяр. Айрым өлкө башчылары аталган иш чараны көрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Көчмөндөр оюнуна Түркия, Татарстан, Монголия, Өзбекстан, Казакстандын башчыларынын келүүсү күтүлүүдө. Азырынча расмий кат келе элек.

Маалым болгондой, ири иш чаранын жүрүшүндө 3 миңге жакын спортчу 37 спорттун түрү боюнча ат салышат.

Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2-сентябрда болот. 3-сентябрда Кырчын этнокыштакчасы меймандарды тосуп алат.

Эң көп окулган жаңылыктар