07:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Таза суу акысы кымбаттайт. Премьер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Таза суу акысы кымбаттайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасы боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчысы Бишкектин бир жашоочусу суунун бир куб метри үчүн 5,38 сом төлөп жатканын, суу өздүк наркы — 7,70 сом экенин белгиледи.

«Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет. Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалды», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.

«Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу — бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек», — деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар