07:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Индиялык студенттер жеке окуу жайдын негиздөөчүсүн алдамчылыкка айыптап жатышат

Илим жана ишкердик эл аралык университетинин негиздөөчүсү Нургалы Асаналиев контрактык негизде окуган Индиялык студенттерден акча алган. Бул тууралуу маалымат жыйында студент Хурия Кхан айтты.

Анын айтымында, 60тан ашуун студент Нургалы Асаналиевге карата арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылышты.

«Ар бирибиз 2 миң 900 доллар бергенбиз. Контракты төлөдү деген кассалык чекти бизге беришкен эмес, анткени ЖОЖ жаңы гана ачылып, касса ишке кире элек дешкен. Биз азыркыга чейин кышкы сессияларды тапшыра элекпиз. Биздин ата-энелерибиз Индиядагы жерлерин сатып, билим алсын  деп жөнөтүшкөн. Эми экзаменди дагы жөндөп тапшыра албай жатабыз», — деди Хурия Кхан.

Октябрь РИИБнын тергөө кызматынын башчысынын орун басары Таалайбек Молдогазиев Индиянын жарандарынан чындыгында эле арыз түшкөнүн тастыктады. Анын айтымында, аталган факт боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар