12:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент менен жолугушуу. Тимур Саралаев трайбализм тууралуу суроо узатты

Бүгүн жарандык сектордун өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. «Жаны муун» саясий кыймылынын лидери Тимур Саралаевдын айтымында, өлкө башчысы менен кездешүү жакшы таасир калтырды.

Анын пикиринде, президент ыңгайсыз суроолорго дагы жооп берди.

Тимур Саралаев Сооронбай Жээнбековго трайбализм жагдайлары тууралуу суроо узатканын айтат.

«Трайбализм боюнча региондор аралык козутуунун аркасында кимдер тургандыгын билээрин айтты. Бирок, аларга карата кандай чаралар көрүлөт, жооп берүүгө жетишкен жок», — деди Тимур Саралаев.

«Президент жарандык сектордун өкүлдөрү жана башка саясий бирикмелер эксперт катары ага жардам бериши керек деди», —деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар